Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери анын Кой-Таштагы үйүнө чогулуп, парламенттин чечимин айыптап жатышат. Алардын бири Фархат Баабиев бул чечимди «саясий буйрук» деп атады:
- Кол тийбестик макамын алуу жөнүндө чечим мыйзамсыз. Бул саясаттагы буйрук. Ушундай болот деп эле сезгенбиз. Булардын азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан иштерине каршы чыкчу жалгыз адам - Алмаз Шаршеновичти жок кылуу программасы 100% ишке ашты. Бирок, карапайым калк, буларга жол бербейли.
Жогорку Кеңеш 27-июндагы жалпы жыйынында Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратууну колдоду. Депутаттардын 103ү макул болуп, алтоо каршы добуш берди.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов баяндама жасап, Атамбаев мамлекетти башкарып турган учурда ыйгарым укуктарынан аша чапканы жөнүндө маалыматтарды айтты. (GT)