Нидерланддардагы Эл аралык кылмыш соту Мьянмадагы мусулман рохинжалардын зордук-зомбулукка кабылганы тууралуу арызын териштирүү максатында атайын орган - Үчүнчү палата түздү. Эми судьялар тергөөнү баштоону прокурорго тапшырышы керек.
Мьянма - Эл аралык кылмыш сотунун мүчөсү эмес. Бирок Амстердамдагы сот кылмыш деп болжолдонуп жаткан окуялар Бангладеш менен чектешкен жерде орун алгандыктан аны кароого юридикалык укугу бар деп чечкен. Бангладеш аталган соттун мүчөсү болуп саналат.
Мьянмада Ракхайн штатында бир миллиондон ашык мусулман рохинжа жашайт.
Бул аймакта тургундар көптөн бери эле өкмөттүк күчтөр менен кагылышып келет. Куугунтуктун айынан соңку эки жылдын ичинде штаттан 750 миңден ашык адам коңшу Бангладештен башкалка издеп кетти. БУУ мындай зордук-зомбулукту «тукум курут» катары баалаган.
Өлкөнүн буддист бийлиги болсо «тукум курут саясатын жүргүзгөн» деген дооматтардын баарын четке кагып, согушкерлер жайкын адамдарга, коопсуздук күчтөрүнө кол салышканын билдирип жүрөт.