Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:47

Жээнбеков террордук топто жүрүп кайткандар коркунуч жаратарын айтты


Сооронбай Жээнбеков ЖККУнун коопсуздук кеңеш катчылары менен. 27-июнь, 2019-жыл.
Сооронбай Жээнбеков ЖККУнун коопсуздук кеңеш катчылары менен. 27-июнь, 2019-жыл.

Террордук топтордун катарында жүрүп кайра мекенине кайткандар өз өлкөсүнө коркунуч жаратат. Мындай пикирин бүгүн, 27-июнда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) курамындагы мамлекеттердин коопсуздук кеңеш катчылары менен жолугушууда айтты.

- Биздин өлкөлөр жарандары террордук жана экстремисттик топтордун катарына кошулган учурларга туш болууда. Мамлекетке каршы максаттарды көздөгөн ошол адамдар мурдагы жашаган жерине кайтканда коркунуч жаратары анык, - деди Жээнбеков.

Борбор Азия аймагынан жүздөгөн адамдар Сирияга кеткени белгилүү. Учурда аймактагы өлкөлөрдүн жетекчилиги ал жактагы жарандарын кайтаруу операцияларын ишке ашырууда.

Бишкекте бүгүн ЖККУнун курамындагы мамлекеттердин коопсуздук кеңеш катчыларынын жыйыны өтүп жатат.

Күн тартибинде жамааттык коопсуздуктун абалы жана негизги коркунучтар, эл аралык терроризм менен экстремизмге каршы кошумча чаралар боюнча маселелер бар.

Мындан тышкары тажик-ооган чек арасындагы абал жана Бириккен Улуттар Уюмунун терроризмге каршы глобалдык стратегиясын ишке ашыруунун жолдору да талкууланууда.

ЖККУнун курамына Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет. (RK)

XS
SM
MD
LG