Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:17

Орус православ чиркөөсү абортту киши өлтүрүүгө теңөөнү сунуш кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орус православ чиркөөөсү түйүлдүккө жашоо укугун берүүнү, кандай гана мөөнөт болсо да бойдон алдырууну киши өлтүрүүгө теңөөнү сунуш кылды.

Чиркөө «Бойго бүткөндөн баштап жашоого кол тийбестик тууралуу» деп аталган документтин долбоорун расмий сайтына жарыялады.

Диний уюм ошондой эле мамлекетти медицициналык кызматкерге диний ишениминен улам аборт кылуудан баш тартуу укугуна кепилдик берүүгө чакырып жатат.

Орусияда бойдон алдырууга тыюу салынган эмес жана ал милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына кирет.

Орус православ чиркөөсү 2016-жылдан бери эле абортко мыйзам менен тыюу салдырууга тынымсыз аракет кылып келе жатат.

XS
SM
MD
LG