Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:44

Чымкент: Арыстын нааразы тургундары борбордук аянтка чогулушту


Арыстын айрым тургундары бийликтен коопсуз конушка көчүрүүнү талап кылып жатышат.
Арыстын айрым тургундары бийликтен коопсуз конушка көчүрүүнү талап кылып жатышат.

Чымкентте Арыс шаарынын ондогон тургуну бийликтен коопсуз конушка биротоло көчүрүүнү, үй-жай менен камсыз кылууну талап кылып 27-июнда жөө жүрүшкө чыгышты. Ушул тушта алар шаардагы борбордук аянтка чогулуп жатышат.

Жөө жүрүшкө чыккандар жолдон «Нур-Отан» партиясынын облустук штабынын имаратынын алдына токтошту, имаратты ондогон полиция курчап турду. Нааразылар «Арыс көчүрүлсүн!», «Ойгон, казак!» деген ураандарды кыйкырышты.

Арыстын 100дөн ашык нааразы тургуну бүгүн, 27-июнда эртең менен «Акмешит» шаардык мечитинин жанында чогулуп, алгач жол торошкон. Андан кийин акимчиликти көздөй жөө жүрүшкө чыгышкан.

Нааразы болуп чогулгандарга Чымкент облусунун акими Габидулла Абдрахимов келип, «бийлик жабыркагандарга жардам берет, Арыстагы инфратүзүмдү калыбына келтирилет» деп убада берди. Аким ошондой эле убагында жардам ала албай калгандардан кечирим да сурады.

24-июнда Арыста ок-дары сакталган кампада жарылуу болгон. Анда жаракат алган үч адам каза тапкан, ондогон адам ооруканага жаткырылган, алардын арасында абалы өтө оорлору да бар.

XS
SM
MD
LG