Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:38

Уранга каршы долбоордун концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү


Кыргызстандагы уран калдыктары жаткан жерлер.
Кыргызстандагы уран калдыктары жаткан жерлер.

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеӊеште Кыргызстанда уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоору каралып, концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечи депутаттардын бири Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, изилдөө, чалгындоо, иштетүүдөн тышкары аталган кендерди сырттан алып кирүүгө да тыюу салынат, берилген лицензиялар жокко чыгарылат.

Мыйзам долбоорунун рекультивация иштерине тиешеси жок экени айтылды.

Жогорку Кеңеш Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол боюнча маселе талкуулангандан кийин быйыл, 2-майда республика аймагында уран кендерин чалгындоого жана казууга тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алган.

Мунун алдында жарандык активисттер, жергиликтүү тургундар Кызыл-Омпол кенинде уран чалгындоого каршы Бишкекте, Балыкчыда, Караколдо катар-катар митингдерди өткөрүшкөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков 4-майда Конституциялык палатанын судьяларын кабыл алган учурда «Кыргызстанда уран казылбайт!» деп билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG