Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:47

Артыков: Атамбаев президент кезде элдин бийликке ишеними пайда болгон


Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү пресс-конференция. 27.06.2019
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү пресс-конференция. 27.06.2019

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда Кыргызстанда элдин бийликке ишеними пайда болгон. Мындай пикирин ушу тапта Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө өтүп жаткан пресс-конференцияда сүйлөп жатып Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков билдирди:

- Атамбаевдин эмгегин баалайлы. Ал алты жылда болуп көрбөгөндөй туруктуулукту камсыз кылды. Алгачкы жолу элдин бийликке ишеними пайда болгон.

Жогорку Кеңеш 27-июндагы жалпы жыйынында Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратууну колдоду. Ага депутаттардын 103ү макул болуп, алтоо каршы добуш беришти.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов баяндама жасап, Атамбаев мамлекетти башкарып турган учурда ыйгарым укуктарынан аша чапканы жөнүндө маалыматтарды айтты. (GT)

XS
SM
MD
LG