Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:32

Чүй милициясы: Кадимки тартипте иштеп жатабыз


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй милициясы облуста ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат деген маалыматты төгүндөдү.

Облустук милициянын басма сөз кызматынын өкүлү Назира Имангазиева күч органдары башаламандык ыктымалдыгына байланыштуу күчөтүлгөн режимге өткөнү тууралуу сөздөр чындыкка дал келбесин "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Биздин кызматкерлер азыр жумушун күндөгүдөй эле алып барууда. Кой-Таш боюнча айтсак, Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылында милиция бөлүмү бар. Алар да кадимки тартипте иштөөдө.

Жогорку Кеңеш 27-июндагы жалпы жыйынында Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратууну колдоду. Ага депутаттардын 103ү макул болуп, алтоо каршы добуш беришти.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов баяндама жасап, Атамбаев мамлекетти башкарып турган учурда ыйгарым укуктарынан аша чапканы жөнүндө маалыматтарды айтты.

Атамбаевдин тарапкерлери аны коргоп Кой-Таштагы үйүнө чогулуп, бийликти мыйзамсыз аракеттерге айыптап жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG