Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:30

Атамбаев: тарапташтарым митинг өткөрсө чогуу чыгам (видео)


Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары менен жолугууда. 27-июнь, 2019.
Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары менен жолугууда. 27-июнь, 2019.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кол тийбестигинин алынышына байланыштуу тарапташтары митинг уюштурса чогуу чыга турганын билдирди. Ал бул тууралуу учурда Кой-Таштагы үйүндө чогулган тарапташтары менен жолугууга чыккан учурда айтты.

“Азаттыктын” суроосуна жооп берген Атамбаев, банк эсебиндеги 33 миң доллардын 30 миңин эки күн мурда алганын, андан башка банк кутусу жок экенин айтты.

-Менин 33 миң долларым бар болчу. Эки күн мурда камакка алганга чейин анын 30 миңин алып койдум. Келинчегимдин акчасын камакка алып коюптур. Менин аялымдын Бакиев тушунда да банктагы эсебинде 1 миллион доллар акчасы бар болчу.

Атамбаев "президент болуп турганда Кыргызстанды жакшы жолго салганын, азыр демократияга балта чабылганын” айтты.

-Мен бүгүн парламентти көргөн жокмун. Бирок ал коркуп жатканын билип турам. Азыр Конституция боюнча алардын ыйгарым укуктары президенттикинен да жогору, бирок андай болбой жатат. Мен болгону АКСти (Коррупцияга каршы күрөшүү кызмат) УКМКдан бөлүүгө жетишпей калдым.

Атамбаев мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев менен соңку учурда байланышпаганын айтты.

Жогорку Кеңеш 27-июндагы жалпы жыйынында Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратууну колдоду. Ага депутаттардын 103ү макул болуп, алтоо каршы добуш беришти.

Мындан кийин Атамбаевдин тарапташтары ал жашаган Кой-Таштагы үйүндө маалымат жыйын өткөрүп, экс-президент макамын алуу мыйзамсыз болгонун айтып бийликке талап коюшту.

XS
SM
MD
LG