Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:01

Атамбаев: Жээнбековдун бийлигин тааныбайм (видео)


Алмазбек Атамбаев. Кой-Ташта журналисттердин суроолоруна жооп берди. 27-июнь. 2019.
Алмазбек Атамбаев. Кой-Ташта журналисттердин суроолоруна жооп берди. 27-июнь. 2019.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев парламенттин аны экс-президент макамынан ажыраткан чечимине карата комментарий берди. Кылмыш иши козголуп калса тергөөгө барбай турганын “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып билдирди.

“Менин адвокатым бар. Эгер прокуратуранын кандайдыр бир суроосу болсо, кат түрүндө берсе жооп беребиз. Бул бийлик турганда эч кандай укуктук чечим кабыл алынбайт. Мага коюлган күнөөнүн баары калп. Тергөө кандай жүрүп жатканын көрүп жатабыз да. Мусакеев менен Матраимовду салыштырып көргүлө, кандай айырма бар экенин!”

Атамбаев бир жыл мурда укуктук жолдон тайыганын билдирип, азыркы бийлик “өзүнүн адамдарын гана коргоп, жакпагандарды камап жатат”, - деп айтты. Өлкөдөн кетпей турганын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигин тааныбасын айтты.

“Мен мурда эле тааныбайм деп айткам. Себеби анын легитимдүүлүгүндө чоң маселе бар. Адам деген адашат. Менин тегерегимдеги эң жакын досторум Сооронбай Жээнбеков, Иса Өмүркулов болчу. Бирок мен адамдын ичин көрө албайт экем да”, - деди Атамбаев.

Алмазбек Атамбаевдин “экс-президент” макамы алууга каршы тарапташтары анын Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүнө "элдик штаб" ачып, чогулуп турушат.

Жогорку Кеңеш 27-июнда Атамбаевден экс-президент макамын алууну колдоду.

XS
SM
MD
LG