Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:01

Ошурахунова: Азыркы окуялар Жээнбековго сабак болушу керек (видео)


Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

“Алмазбек Атамбаевдин тегерегинде болуп жаткан азыркы окуялар президент Сооронбай Жээнбековго да сабак болушу керек”.

Жарандык активист Динара Ошурахунова мындай пикирин Атамбаевдин экс-президент макамынын алынышы боюнча “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө сүйлөп жатып билдирди.

“Укук коргоо органдарга келгенде сот, прокуратура кандай чечет, карайт дегенге коомчулук көбүрөөк көңүл бурат... Азыр абал курчуп кеткенге негиз жок. Биз саясий лидерлерди камап, суракка алганга көнүп калдык. Текебаев камалганда деле абал курчуп кетет дешкен. Курчуган жок. Азыр деле нааразылык болот, бирок жаңжалга алып барбайт болушу керек... Эгер мурдагы президент Атамбаевди карасак, ал өзү түзгөн мүмкүнчүлүккө такалып жатат. Азыркы президентке деле учурдагы окуялардын баары келип такалат болуш керек".

Жогорку Кеңештин 27-июндагы жалпы жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов баяндама жасап, Атамбаев мамлекетти башкарып турган учурда ыйгарым укуктарынан аша чапканы жөнүндө маалыматтарды айтты. Парламент Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратууну колдоду. Ага депутаттардын 103ү макул болуп, алтоо каршы добуш берди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG