Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:13

Осакада «Чоң жыйырманын» саммити башталат


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

28-июнда Жапониянын Осака шаарында «Чоң жыйырманын» саммити башталат. Иш-чара эки күнгө созулат.

Ага дүйнөдөгү эң ири жыйырма өлкөнүн лидерлери катышат. G20 тобунда АКШ, Орусия, Франция, Кытай, Индия, Жапония жана Мексика бар.

Саммиттин алкагында АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин жолугары күтүлүүдө.

Буга чейин орус президентинин өкүлү тараптар стратегиялык туруктуулук жана аймактагы жаңжал тууралуу кеп козгошорун билдирген. Анын ичинде Украина, Сирия, Корей жарым аралы, Ооганстан жана Венесуэладагы абал жана «Иран программасы» бар.

Өткөн жылдын аягында «Чоң жыйырманын» Буэнос-Айрестеги саммитинде АКШ менен Орусиянын президенттери жолуга турганы бир канча жолу айтылганы менен ишке ашкан эмес. Ага Керч кысыгындагы украин-орус деңиз аскерлеринин чатагы себеп болгон.

XS
SM
MD
LG