Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:24

Ысык-Көлдө эл аралык музыка фестивалы башталат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

28-30-июнга белгиленген “Kөl-Fest” музыка фестивалына Европадан, Азиядан, Борбор Азиядан жана Кыргызстандан музыкалык топтор, диджейлер катышат.

Жергиликтүү ыктыярчылар уюштуруп жаткан фестивалда европалык жана борбор азиялык музыканттардын шоусу, йога менен машыгуу, бий жана башка иш-чаралар уюштурулат.

Кийиз буюмдарынын мастер-классы да өткөрүлмөкчү. Сүрөтчүлөрдүн эмгектеринен турган инсталляциялар да коюлат.

“Kөl-Fest” деп аталган эл аралык музыка фестивалы биринчи ирет өтмөкчү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG