Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:57

Атамбаевдин үйүнөн мамлекеттик күзөт кызматкерлери кеткени кабарланууда


Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары, Кой-Таш. 27-июнь. 2019.
Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары, Кой-Таш. 27-июнь. 2019.

Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн мамлекеттик күзөттүн кызматкерлери кеткени кабарланууда.

КСДП партиясынын мүчөсү, Кой-Ташта "элдик штаб" деп түзүлгөн жайда түнөгөнүн айткан Алга Кылычевдин “Азаттык” радиосуна билдиришинче, мамлекеттик күзөттүн кызматкерлери 28-июнда таңга жуук кетишкен.

"Аларды чыгарып жатабыз деп маалымат беришкен жок. Телефон же рация менен чакырып эле алып кетишкен".

Ал мамлекеттик күзөттүн канча өкүлү кеткенин жана Атамбаевдин жансакчылары тууралуу да так маалыматы жок экенин билдирди. Маалыматка караганда, кеткен күзөтчүлөр Атамбаевдин өзүн эмес, үйүнүн айланасындагы объектилерди кайтарып жаткан.

Буга чейин айрым маалымат булактар Атамбаевдин резиденциясын түндө 60ка чукул киши кайтарганын маалымдаган. Алардын арасында атчандар да бары кабарланууда.

Күзөтчүлөрдүн кеткени боюнча УКМКдан маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

XS
SM
MD
LG