Жогорку Кеңештеги “Республика - Ата-Журт” фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиев президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканада дарылануусун улантууда.
Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна аталган оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Александра Олексюк билдирди. Анын айтымында, Рысалиевдин абалы “орточо оор” бойдон турат.
Зарылбек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу 7-июнда Ички иштер министрлигине сурак берип жатканда өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген. Ал алгач жандандыруу бөлүмүндө жатып, кийин палатага которулган.
Азиз Батукаев 2013-жылы “айыккыс илдетке чалдыкты” деген негизде мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулуп, Орусияга чыгып кеткен. Буга байланыштуу кылмыш иши быйыл иликтене баштады.
Батукаев бошотулган учурда Зарылбек Рысалиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын (ЖАМК) жетектеп турган.
Бул ишке тиешеси бар деп шек саналган беш дарыгер кармалган. Алардын үчөө үй камагына чыгарылды. Мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган.
Мындан сырткары ЖАМКтын жетекчисинин мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурда вице-премьер-министр Шамил Атаханов камалган. 7-июнда ИИМ Атаханов “тергөө менен кызматташуу ниетин билдиргендиктен бөгөт чарасы өзгөртүлгөнүн” маалымдады. Буга чейин мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун да ИИМге сурак берип чыккан. (КЕ)