Казакстандын Түркстан облусунун акими Умирзак Шукеев 27-июнда Шымкенттин “Акмешит” мечитинин жанында чогулган арыстыктарга кайрылып, алар 28-июндан тарта үйүнө жөнөтүлөрүн билдирди.
"Мен премьер-министр жана коргоо министри менен сүйлөштүм. Таңкы саат сегизде бул жерге автобустар келет", - деди Шукеев.
Аким ок-дары сакталган кампадан алыс жерден турак жай жана участок берүүнү сураган арыстыктардын суроолоруна жооп берип жатып, жарылуу болгон аймакта радиация коркунучу жок экенин айтты.
"Арыста эч кандай радиация жок. Сиздерге үй салып беришет. Анан аны сатасыңарбы же жокпу өзүңүздөр чечесиздер", -деди аким.
24-июнда Арыста курал-жарак сакталган кампадан өрт чыгып, өзгөчө кырдаал жарыяланган. Жашоочулар калаадан чукул чыгып кетишкен. Расмий маалыматтар боюнча 41 миң киши көчүрүлгөн.
27-июнда арыстыктар Шымкентте нааразылык акциясын өткөрүп, жарылуу болгон шаарда жашабасын айтып, башка аймактардан турак жай жана жер тилкесин берүүнү талап кылышкан.
Расмий маалыматтар боюнча Арыстан Шымкентке 26 миң адам убактылуу көчүрүлгөн. Алардын көбү мектептерге жана мечиттерге жайгаштырылган.
Жарылуудан үч адам ажал тапты. 160тан ашуун киши медициналык жардам сурап кайрылды, алардын теңи ооруканада. Бир нече адамдын абалы оор.