Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кайтаруудагы күзөт кызматкерлеринин алынып салынганы тууралуу маалыматты ырастаган жок.
"Азыркы учурда экс-президентти кайтарууда камсыз болгон күзөт кызматкерлеринин саны мурдагыдай эле. УКМК экс-президенттин коопсуздугу үчүн зарыл болгон учурда күзөт кызматкерлерин дагы кошумча күчтөп берүүгө даяр", - деди УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов.
Буга чейин Атамбаевди колдогон КСДП партиясынын мүчөсү Алга Кылычев мурдагы президенттин Кой-Таштагы үйүнөн мамлекеттик күзөт кызматкерлери кетип калганын билдирген.
Айрым маалымат булактар Атамбаевдин резиденциясын түндө 60ка чукул киши кайтарганын маалымдады. Алардын арасында атчандар да бар экени кабарланууда. (КЕ)