Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:39

Коомдук ишмерлер ынтымак жыйынын өткөрүп жатышат


Бишкекте бир катар коомдук ишмерлер Кыргызстандагы соңку саясий кырдаалга байланыштуу "Мекен бирөө - аны карегибиздей сактайлы" деген жыйын өткөрүп жатышат.

28-июнда "Достук" конок үйүндө уюштурулган тегерек үстөлдө мурдагы жана азыркы бийликтин ортосундагы ажырымды тереңдетпөөгө чакырык ташталды. Жыйынга Замир Эралиев, Топчубек Тургуналиев, Сагынбек Абдрахманов, Турсунбек Акун, Болот Шамшиев, Жылдызбек Турганов, Бектур Асанов, Бакыт Бакетаев жана башка кишилер катышып жатат.

Алар Жогорку Кеңештен депутаттар да чакырылганын, бирок келишпегенин билдиришти.

Парламент 27-июнда мурдагы президент Аламазбек Атамбаевди кол тийбестик укуктарынан ажыраткан. Атамбаев муну "демократияга балта чабуу" катары баалап, тарапташтары митинг уюштурса чогуу чыга турганын билдирген. (AiA)

XS
SM
MD
LG