Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Муфтият Ошто экстремизмди алдын алуу боюнча талкуу өткөрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ошто “Экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүүнүн негиздери” аттуу талкуу болуп өттү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чарага Ош облусунун казысы Самидин Атабаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков жана бир катар мамлекеттик кызматкерлер, күч органдарынын өкүлдөрү, 30дан ашуун курсант катышты.

Жыйында адептүүлүк тууралуу, экстремизмди жана терроризмди алдын алуу жаатында пикир алмашуу болду.

Жаза аткаруу кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстанда экстремизм жана терроризм үчүн соттолгондор 500дүн тегерегинде. Алардын 200гө жакыны абакта. (RK)

XS
SM
MD
LG