Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:16

Чыныбай Турсунбеков: Эки тараптыкы тең туура


Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) парламенттеги фракциясынын депутаты Чыныбай Турсунбеков өлкөдөгү соңку саясий кырдаал ал үчүн татаал суроо, оор сыноо болуп турганын айтты.

Мындай пикирин ал "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүндө билдирип, мурдагы да, азыркы да бийликтин турумун туура деп сыпаттарын, өзү нейтралдуу позицияда экенин айтты:

- Эмне үчүн туура? Мен Атамбаевдин тушунда саясатка келгеним, депутат болгонум, фракция лидери, төрага болгонум чын. Ошол эле учурда Атамбаевдин башкаруусундагы акыркы жылдарда ортобузга "кара мышык аралап", өтө салкын мамиле болуп кеткенин башкалар билишет.

Турсунбеков Атамбаев мамлекет башчысы болуп турганда бир топ саясатчылар аны экинчи мөөнөткө калтырууга аракет кылганына каршы чыкканын кошумчалады.

Ошондой эле Атамбаевдин бийликти тынч жол менен өткөрүп берген аракетин сыйлап, Жогорку Кеңеште анын кол тийбестик укуктарынан ажыраткан жыйынга барбаганынын айтты. Бирок парламенттин бул чечими тарыхый болгонун белгиледи.

Парламент 27-июнда мурдагы президент Атамбаевди кол тийбестик укуктарынан ажыраткан. Атамбаев муну "демократияга балта чабуу" катары баалап, тарапташтары митинг уюштурса чогуу чыга турганын билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG