Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:16

ӨКМ: Ош менен Нарында селдин кесепетин жоюу иштери жүрүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Республиканын айрым аймактарында селдин кесепетин жоюу иштери жүрүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, 27-июнда Ошто Кара-Суу районуна караштуу Бөрү айылында нөшөр жаандын айынан кокту-колоттон сел жүрүп, Лаглан каналы шагылга толуп калган. Ошонун кесепетинен Ош-Бөрү ички чарбалык унаа жолун сел суусу жууп кеткен.

Ал эми Катта-Талдык айыл аймагынын Кара-Сөгөт айылында бир жылкыны, эки торпокту жана алты койду агызып, ички чарбалык унаа жолун жууп кеткен. Адам өмүрүнө зыян тийген жок.

Нарындын Ак-Талаа районунда 26-июнда Ак-Чий айылында нөшөр жаандан сел өтүүчү каналдын жээгинин 35 метрин суу жууп кеткен. Үч турак үйдүн короосун жана Баетов - Кош-Дөбө унаа жолунун 12-13- чакырымындагы 500 метр жерин суу каптап, унаа жол жабылган. Толук тазалоо иши бүгүн 28-июнь күнү да уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG