Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Чет жактагы мекендештер арасында кыргыз тил сынагы уюштурулат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышынын 30 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралардын алкагында дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндө жашаган мекендештер арасында сынактар өткөрүлөт.

Бул тууралуу 28-июнда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жыйын өткөрүп, уюштуруу иштерин талкуулады.

Илимий-практикалык конференция, «Кел кыргызча сүйлөйлү» жаштар акциясы, флэш-мобдор, мектеп окуучулары арасында кыргыз тилинин жашоодогу ролу жөнүндө эссе сынактары жана башка иш-чаралар өтөрү айтылды.

Акындардын эл аралык «Айтыш-2019» сынагы, «Ырдайлы кыргыз ырларын» республикалык фестивалы да уюштурулат.

Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам 1989-жылдын 23-сентябрында кабыл алынып, 2009-жылы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин күнүн белгилөө жөнүндө» жарлык чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG