Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-август, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 01:20

ЮНИСЕФ: Кыргызстандын бала бакча менен камсыздалышы 40% түзөт


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мектепке чейинки курактагы балдардын бала бакча мекемелери менен камсыз болуусу 40% түзүүдө. Бул тууралуу бүгүн 28-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо менен жолугушуусунда айтылды.

Юкиэ Мокуо белгилегендей, Кыргызстан беш жашка чейинки балдардын өлүмү боюнча көрсөткүчтү кыскартууда прогресске жетишти, эрте курактагы балдарга мектепке чейинки билим берүү программаларынын жеткиликтүүлүгү эки эсе өстү жана балдардын 40% бакчага баруу мүмкүнчүлүгүн алышты. Өлкөдөгү дээрлик бардык балдар баштапкы мектепте окушат.

Жолугушууда ЮНИСЕФтин ишмердүүлүгүнүн балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, эне-баланын ден соолугун сактоого жана балдардын өлүмүн кыскартууга багытталган программалары талкууланды. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (3)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG