Грузиянын баш калаасы Тбилисиде өкмөткө каршы нааразылык акциялары уланып жатат. 28-июнга караган түнү демонстранттар бийликтеги "Грузин кыялы" партиясынын лидери Бидзина Иванишвилинин резиденциясынын алдына топтолушуп, ички иштер министри Георгий Гахариянын кызматтан кетишин талап кылышты. Чогулгандар өкмөткө эскертүү катары "сары кагаздарды" көрсөтүштү.
Демонстранттардын дагы бир бөлүгү автоунааларына шарларды байлап көчөлөрдөн өтүштү.
Тбилисиде нааразылык акциясына 20-июнда орусиялык депутат, коммунист Сергей Гавриловдун грузин парламентинин спикеринин ордуна отуруп алганы себеп болгон. Гаврилов Грузияга Православ парламент аралык ассамблеясына төрагалык кылыш үчүн барган. Нааразылык акциясы учурундагы кагылышта 200дөй киши жабыркап, ондогону кармалып, кийин бошотулган.