Орусиянын Иркустк облусунда суу ташкындан улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Эки миңден ашуун турак жай, мектеп, оорукана суунун алдында калганын "Сибирь.Реалии" сайты жазды.
Бир нече күндөн бери тынбай жааган нөшөрдөн улам жергиликтүү дарыяларда суу нугунан чыгып кеткен. Табият кырсыгы эки кишинин өмүрүн алганы кабарланды.
Жергиликтүү бийлик билдиргендей, облус боюнча он көпүрө бузулуп, 18 айыл-кыштак менен байланыш үзүлдү. Алыскы аймактардан тик учак менен жүздөй адам коопсуз аймактарга көчүрүлдү. Алты миңдей адам жабыркаганы маалымдалды.
Нижнеудинск шаарында миңден ашуун үй-жайды, аэропорт, административдик мекемелерди суу каптап кеткени маалым болду. Үч жарым миң турак жай электр жарыксыз калды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жакынкы үч күндө нөшөрлөгөн жаан токтобой турганын, мындан улам Уда, Ия, Ока жана Бирюс дарыялардын суусу нугунан чыгып кетиши мүмкүн экенин боолгоп жатат. Мындан улам куткаруучулар аталган дарыялардын жээктеринде жашагандардын баарын коопсуз жактарга көчүрүү зарыл экенин эскертип жатышат.