"Электр станциялары" ишканасына Таалайбек Толубаев башкы директор болуп дайындалды. Бул директорлор кеңешинин чечими экенин ишкананын басма сөз кызматы кабарлады.
Расмий маалыматка ылайык, Толубаев энергетика тармагында 1983-жылдан бери иштеп келатат.
Мурдагы башкы директору Аскар Эшимбеков быйыл мартта кайтыш болгон.
"Электр станциялары" - Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүп, жылуулук менен камсыздаган негизги ишкана. Курамына жети ГЭС, эки жылуулук электр борбору кирет.