Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:35

Мэй Путинди «жоопкерчиликсиз аракеттерди» токтотууга чакырды


Британиянын премьер-министри Тереза Мэй жана Орусиянын президенти Владимир Путин. 28-июнь, 2019-жыл.
Британиянын премьер-министри Тереза Мэй жана Орусиянын президенти Владимир Путин. 28-июнь, 2019-жыл.

Жапониянын Осака шаарында өткөн "Чоң жыйырманын" саммитинин алкагында Британиянын премьер-министри Тереза Мэй менен Орусиянын лидери Владимир Путин сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Мэй Путинге эки өлкөнүн алакалары Москва башка жолду тандаганда гана оңолушу мүмкүн экенин айтты. Ал ошондой эле орус президентин эгерде мурдагы орусиялык агент Сергей Скрипал менен анын кызынын ууландырылышына байланыштуу начарлап кеткен эки өлкөнүн алакаларын жакшыртууну кааласа, "жоопкерчиликсиз жана дестабилдештирүүчү аракеттерди" токтотууга үндөдү.

Бул тууралуу Мэй менен Путиндин жолугушуусунан кийин расмий Лондон тараткан билдирүүдө айтылат.

Мурдагы тыңчы Сергей Скрипал жана анын кызы “Новичок” химиялык заты менен Солсбери шаарында ууландырылгандан кийин ооруканада бир нече апта жатып чыгышкан. Британия жана анын өнөктөштөрү ууландыруунун артында Орусия бийлиги турат деп күнөөлөгөн, Кремль айыптарды четке каккан. Британиянын бийлиги Скрипалдарды Орусиянын башкы аскерий чалгын мекемесинин эки агенти ууландырганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG