Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Алтынбек Жунус уулу: Парламент V сессияда саясий эркин көрсөттү


Алтынбек Жунус уулу.
Алтынбек Жунус уулу.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу Жогорку Кеңештин депутаттары V сессияда саясий эркин көрсөткөнүн билдирди. Ал буга «жаңы бийлик да мүмкүнчүлүк бергенин» айтты.

«Парламентте өкмөттүн иши, коомдогу маселелер боюнча кенен сүйлөдүк. Комиссия түзүү, бажалар боюнча, «КТ Мобайл» жана башка иштер боюнча Жогорку Кеңеш V сессияда саясий эркин көрсөтө алды. Буга жаңы бийлик мүмкүнчүлүк берди деп да айта алам. Мүмкүнчүлүк берди дегенде бул Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу эмес, жалпы эле жетинчи кабаттан парламентке «тапшырмалар» түшкөн жок. Жогорку Кеңештин 7-8-чакырылыштарында «парламенттин 6-чакырылышынын депутаттары тарыхта биринчи жолу экс-президенттин кол тийбестигин алган» деп айтылып калса керек. Анткени буга Жогорку Кеңештин эрки жетти».

27-июнда VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин V сессиясы өз ишин жыйынтыктады. Парламент бул сессиянын акыркы жалпы жыйынында Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча токтом кабыл алды.

Жогорку Кеӊештин Регламентине ылайык, кыргыз парламентинин депутаттары 1-июлдан тарта өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жеринде иш алпарышат. Ал эми август айында эмгек өргүүсүндө болушмакчы.

Ал эми Жогорку Кеӊештин келерки сессиясы, мыйзам талабына ылайык, сентябрь айынын алгачкы жумушчу күнүндө өз ишин баштоого тийиш. (BTo)

XS
SM
MD
LG