Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 04:42

Бишкек баатырдын таржымалын изилдөөгө сынак жарыяланды


Бишкек баатырдын эстелигинин эскиздери.

Улуттук илимдер академиясы менен «Бишкек баатыр» бирикмеси Бишкек баатырдын биографиясын, баскан жолун, таржымалын изилдеш үчүн сынак уюштуруп жатышат. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясы кабарлады.

Сынак 1-июлдан 6-сентябрга чейин созулат. 1-орунга 50 миң сом, 2-орунга 30 миң сом, 3-орунга 20 миң сом байге коюлган.

Тарыхчылар арасында Бишкек баатырдын жашап өткөнү тууралуу эки ача пикирлер айтылып жүрөт. Бир жыл мурун Бишкек баатырдын эстелигине да сынак жарыяланып, айкелин орнотууда талаш чыккан. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG