Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:43

Кыргызстандан Орусияга бараткан 19 тонна контрафакт товар кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Челябинск облустук бажы кызматы 19 тонна контрафакт кийим-кечек кармаган. «Коммерсантъ» басылмасы Урал бажысынын басма сөз кызматына таянып бул товарлар Кыргызстандан келатканын жазды.

Маалыматка ылайык, автоунаада сегиз миң даана кийим болгон. Алардын көпчүлүгүнө «Gucci», «Adidas», «Reebok», «Calvin Klein», «Puma», «Nike» сыяктуу белгилүү дүйнөлүк бренддеги кийимдердин товардык белгиси чапталган. Баштапкы эсеп боюнча бул товарларды сатуудан чыныгы бренд ээлери 12 млн. рубль чыгым тартмак. Учурда бул факт иликтенип жатат.

Кыргызстанда соода жаатындагы эксперттер Бишкекте белгилүү бренддердин этикеткаларын саткан атайын ири базар бар экенин айтып жүрүшөт. Кийим-кечек - Кыргызстандан Орусияга ташылган негизги товарлардын бири. (TSh)

XS
SM
MD
LG