Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:34

Украинанын БШКсы Саакашвилини талапкер катары каттады


Михаил Саакашвили.
Михаил Саакашвили.

Ишембиде Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Грузиянын экс-президенти, Одесса облусунун мурдагы башчысы Михаил Саакашвилини «Жаңы күчтөр кыймылы» партиясынын тизмеси менен Жогорку Раданын шайлоосуна катышуу үчүн каттады. Саакашвилинин партиясы шайлоого ат салышкан партиялардын акыркысы болуп катталды. Ошентип, бюллетенде 22 партия жазылмай болду.

«Жаңы күчтөр кыймылы» каттоо жөнүндө чечим шайлоого катышуучуларды каттоо мөөнөтүнүн акыркы күнү кабыл алынды. Буга чейин БШК Грузиянын экс-президентинин партиясын каттоодон баш тарткан.

Бирок, 21-июнда Киевдеги сот Грузиянын экс-президенти, Одесса облусунун мурдагы башчысы Михаил Саакашвилиге украин парламентине ат салышууга уруксат берген. Кийин Жогорку сот БШКны соттон утуп алган партияны каттоого милдеттендирген.

Саясатчы Жогорку Радага өз тизмеси менен аттанып жаткан «Жаңы күчтөрдүн кыймылы» партиясын жетектейт. Саакашвилинин айтымында, ал Зеленскийге коррупцияны жеңүүгө жардам берүүнү көздөйт.

Парламентке мөөнөтсүз шайлоо Украинада 21-июлга белгиленген. (TSh)

XS
SM
MD
LG