Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:50

Трамп менен Ким Чен Ын жолугушту


Дональд Трамп менен Ким Чен Ын.
Дональд Трамп менен Ким Чен Ын.

Жекшембиде АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Түндүк Корея менен Түштүк Кореянын чек арасында жолугушту.

Лидерлер эки корей мамлекетинин демилитаризацияланган аймагында кол алышты. Трамп кызматта турганда Түндүк Кореянын аймагына өткөн биринчи президент болуп калды. Ал Ким менен Түндүк Кореянын аймагына символикалык кадам таштады. Трамп муну «чоң сыймык» деп мүнөздөдү.

АКШ президенти жолугушууну «бүткүл дүйнө үчүн улуу күн» деп атап, алар менен Түндүк Кореянын лидеринин ортосунда достук байланыш түзүлүп атканын белгиледи. Ал Ким Чен Ынды Вашингтонго чакырды. Түндүк Кореянын лидери өз кезегинде Трамп Пхеньянга барса кубанычта болорун айтты.

Жолугушуудан кийин лидерлер Түштүк Кореянын аймагында сүйлөшүштү. Ошондой эле сүйлөшүүнүн кайсы бир бөлүгүндө Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин да кошулду.

Бул Трамп менен Кимдин үчүнчү кезигүүсү. Америкалык тарап жолугушууну Корея жарым аралын өзөктүк куралы жок аймакка айлантуу боюнча сүйлөшүүлөргө оң таасирин тийгизет деп үмүт кылат.

Кошма Штаттар Түндүк Кореяга каршы санкцияларын токтоткон жок. (TSh)

XS
SM
MD
LG