30-июндагы абанын температурасы жогорулашына байланыштуу дарыяларда суу көтөрүлүшү мүмкүн. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү ыктымал.
1-июлда Кыргызстандын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37,
Талас жергесинде түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36,
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 26…31,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13 градус болот.
Бишкек шаарында абанын табы түнкүсүн 19...21, күндүз 34...36 градуска жетет. Жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.