Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

Президенттин кеңешчиси болгон Азыранкулов Атамбаевге колдоосун билдирди


Айбек Азыранкулов.
Айбек Азыранкулов.

Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылындагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө бүгүн, 30-июнда президенттин кеңешчиси Айбек Азыранкулов барды.

Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Атамбаевге колдоосун билдирди. Кой-Ташка келген себебин акыркы кезде мыйзамсыздык болуп жатканы менен түшүндүрдү.

- Баары мыйзам чегинде болушу керек. Азыр элдин нааразылыгын көрүп жатабыз. Мен 2006-жылдан бери КСДПнын мүчөсүмүн. Биз бир команда элек, - деген Азыранкулов быйыл апрелде эмгек өргүүсүнө чыгып, андан ары кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын кошумчалады. Ал арыз аркылуу өзүнүн жеке позициясын билдиргенин айтты. Анын арызы тууралуу президенттин аппаратынан маалымат алууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Айбек Азыранкулов былтыр 27-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп дайындалган. Ал 2009-2010-жылдарда парламент депутаты болгон. 2010-2013-жылдары өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген. Андан кийин Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин да жетектеген.

Атамбаев бүгүн да кечке жуук чогулгандардын алдына чыгып, Азыранкуловдун келгенине кубанып турганын билдирди.

Мурдагы президенттин тарапкерлери 22-июндан бери Кой-Таш айылындагы анын үйүнө «элдик штаб» ачып, чогулуп турушат.

Жогорку Кеңеш 27-июнда Атамбаевден «экс-президент» деген макамды алып, кол тийбестиктен ажыраткан. (NT)

XS
SM
MD
LG