Иркутск облусундагы суу ташкынынан жабыркаган аймакка орус армиясынын жоокерлери жиберилиши ыктымал. Зарыл болсо тилсиз жоо менен күрөшүүгө армияны да тартууну президент Владимир Путин коргоо министри Сергей Шойгуга тапшырганы жекшембиде кабарланды.
25-июнда башталган нөшөрдөн улам калктуу пункттарды суу каптаган. Табият кырсыгынан өлгөндөр жекшембиде беш кишиге жеткенин, эки адамдын дайыны табылбай жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирген.
Расмий маалымат боюнча ташкындан 351 адам ар кандай жаракат алды. Алардын 33ү балдар. Учурда 97 киши ооруканага жаткырылды.
Буга чейин жергиликтүү бийлик облус боюнча 10 көпүрө бузулуп, 18 айыл-кыштак менен байланыш үзүлгөнүн, аэропортту, административдик мекемелерди, миңден ашуун үй-жайды суу каптап кеткенин маалымдаган.
Орус өкмөтү Иркутскидеги ташкында саламаттыгынан жана үй-жайынан ажырагандарга 662 млн. рубль бөлө турганы кабарланды.