Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары 1-июлда Израил баш калаа Дамаск менен Хомс шаарына жакын аймактарга абадан сокку урганын билдиришти.
SANA агенттиги Сирия армиясынын атын атабаган өкүлүнө таянып ракеталар Ливандын аба мейкиндигиндеги израилдик учактардан учурулганын кабарлады.
Кийинчерээк ушул эле агенттик Дамасктын түштүк-батышындагы Сахная шаарындагы аба соккусу төрт жарандын өмүрүн алганын маалымдады. Израил армиясы бул маалыматтарга комментарий бере элек.