Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:08

Экс-мэрлердин сотунда «Дастандын» юристи суралды

Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов.
Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов.

1-июлда Бишкектин Ленин райондук соту борбор шаардын мурдагы эки мэри Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун ишин кароону улантып жатат.

Кулматов Ибраимов айыпталып жаткан «Дастан» ишканасы боюнча кылмыш ишинде аскердик сыр бар экенин айыптоочу тарап билдиргенин жүйө кармап, ал ишти бөлүп кароону суранды. Судья Кубанычбек Касымбеков тема мурда эле жабылганын айтып, өтүнүчтү четке какты.

Андан кийин «Дастан» ишканасынын юридика бөлүмүнүн башчысы жабырлануучы катары суралды. Прокурор андан материалдык чыгым канча болгонун тактады. Ал «Дастан» ишканасы менен украиналык компаниянын ортосундагы айырма 470 миң доллар болгонун, мунун баары чыгым экенин айтты.

Кулматов «Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп күнөөлөнгөн. Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Экс-мэрлердин ишин бириктирип кароо тууралуу чечим 6-марттагы жараянда кабыл алынган. Аны бөлүп кароо боюнча адвокаттардын бир нече жолку өтүнүчү канааттандырылган эмес. Быйыл экинчи майда мурдагы эки актаминердин тергөө абагындагы мөөнөтү эки айга узартылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG