Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:55

Калыков: Кожоназаровдун телефону окуя болгон күнү тынымсыз иштеп турган


Мелис Калыков.
Мелис Калыков.

Баткен прокурорунун өлүмү боюнча айыпталуучу Мелис Калыков 1-июлдагы соттук жараянда күбө катары көрсөтмө берип жаткан облустук прокуратуранын мурунку кызматкери Алтынбек Кожоназаровго бул боюнча суроо берди. Калыков ага тергөөдөгү көрсөтмөлөрдөн улам мергенчиликке чыккан күнү Кожоназаровдун телефону тынымсыз иштеп турганын белгиледи.

- Сизден башкаларыбыздын телефондорубуз «жеткиликсиз аймакта» деген себеп менен иштебептир. Жалгыз сиздин телефонуңуз иштеп туруптур. Муну кантип түшүнүүгө болот? - деп суроо узатты ал.

Буга Кожоназаров «жоопту адистерден сураңыз, мен билбейм» деп жооп берди.

1-июлда Баткен прокурорунун өлүмү боюнча соттук териштирүү Ош шаардык сотунда уланды. Анда күбө катары облустук прокуратуранын мурунку кызматкери, 17-ноябрда маркум прокурор, шектүү жана башка кызматкерлер менен чогуу мергенчиликке чыккан Алтынбек Кожоназаров көрсөтмө берип жатат.

17-июнда болгон акыркы жараянда Баткен облустук прокурорунун мурдагы орун басары Арсланбек Байбосунов менен Баткен районунун мурунку прокурору Мирлан Калыбеков күбө катары көрсөтмө беришкен. Алар Анарбай Мамажакыпов өлөрдөн бир аз убакыт мурда аны менен тоого мергенчиликке чогуу чыгышкан.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон. Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында. (MdN\ZKo)

XS
SM
MD
LG