Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:30

Миңден ашык чарбада тамчылатып сугаруу системасы орнотулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 1060 чарбалык субъекти тамчылатып сугаруу системасын ишке киргизди. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай ыкма менен сугарылып жаткан талаанын аянты 2 миң 367 гектарды түзөт.

Тамчылатып сугаруу системасы негизинен Чүйдө, анан Ысык-Көл, Баткен, Жалал-Абад, Ош, Талас аймактарында орнотулду.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги билдиргендей, бул багытта иш ашып барган фермерлерге быйыл 2 миллион 705 миң сом жеңилдетилген насыя берилди. (ErN)

XS
SM
MD
LG