Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Калыков: Мергенчиликке чыкканда мушташ болгон


Мелис Калыков. Ош шаардык сотунда күбөгө суроо берип жаткан учуру. 1-июль, 2019-жыл.
Мелис Калыков. Ош шаардык сотунда күбөгө суроо берип жаткан учуру. 1-июль, 2019-жыл.

Бул тууралуу Баткен прокурорунун өлүмү боюнча айыпталуучу Мелис Калыков 1-июлдагы соттук териштирүү учурунда билдирип, муну жакшы иликтебеген тергөөнүн кемчилиги катары баалады:

- Мушташ болгон. Кан жарым метрдей жерге чейин агып, тамчылаган. Прокурордун денесинде беш бут кийимдин изи турат, ал сүрөттө да көрүнүп турат. Муну тергөөчү да эске алгысы келген жок. Дастаркондо отургандан кийин айрымдар мергенчиликке чыгып кеткенде, Мамлекеттик каттоонун башчысы (аты-жөнү айтылган жок) келген. Окуя болгон жерде дагы эки машиненин изи турат. Алар кимдики, кандай болгон машинелер? Тергөө муну тактаган жок. Прокурорлор муну эсине алып коюшса болот.

Калыков мергенчиликке чыгышкан учурда Мамажакыпов менен Байбосуновдун ортосунда чыр чыгып, урушуп кетишкенин да эскерди. Бирок Кожоназаров Мамажакыпов менен Байбосуновдун ортосунда чыр чыкканын четке какты. Ал ошондой эле 17-ноябрь күнү чөнтөк телефонунан чалган адамдар тууралуу маалыматтарды да айтпай турганын билдирди.

Калыков Баткенде прокуратура кызматкерлери үчүн курулуп жаткан үйдүн курулушун жүргүзүүнү Кожоназаров өзүнүн тааныштарына берүүнү айтканын да билдирди. Кожоназаров муну да четке какты.

17-июнда болгон акыркы жараянда Баткен облустук прокурорунун мурдагы орун басары Арсланбек Байбосунов менен Баткен районунун мурунку прокурору Мирлан Калыбеков күбө катары көрсөтмө беришкен. Алар Анарбай Мамажакыпов өлөрдөн бир аз убакыт мурда аны менен тоого мергенчиликке чогуу чыгышкан.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон. Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында. (MdN\ZKo)

XS
SM
MD
LG