Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:14

ИИМ айрым жолдордо ылдамдык чегин саатына 110 чакырымга чейин көтөрүүнү сунуш кылды


Бишкек-Торугарт жолу. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек-Торугарт жолу. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын ичиндеги эл аралык маанидеги айрым жолдордогу ылдамдыктын эң жогорку чеги 110 чакырымга чейин жогорулатылышы ыктымал. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ушундай сунуш киргизди. Министрликтин көз карашында, бул чекти көтөрүү жолдордун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн арттырат.

ИИМ Кыргызстандын транспорттук паркы коопсуздуктун заманбап талаптарына жооп берген күлүк машинелер менен толукталып жатат деп эсептейт. Коомдук талкууга коюлган документтин негиздемесинде акыркы жылдары эл аралык маанидеги жолдор оңдолгону, кайсы бир бөлүктөрүнүн чети, ортосу тосулганы, бул кырсыктарды азайтууга салым кошкону жазылган.

Ылдамдыктын чеги жолдун шарттары коопсуз кыймылды камсыз кыла турган жерлерде көтөрүлүшү мүмкүн.

Учурда калктуу конуштардан сырт жерде ылдамдыктын эң жогорку чеги саатына 90 чакырым деп белгиленген.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2017-жылы 6 346 жол кырсыгы катталса, 2018-жылы 5 995 кырсык орун алган.(ErN)

XS
SM
MD
LG