Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Конституциялык палатанын жетекчилиги алмашты

Карыбек Дүйшеев, Эмил Өскөнбаев жана Мээргүл Бобукеева.
Карыбек Дүйшеев, Эмил Өскөнбаев жана Мээргүл Бобукеева.

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын сотторунун чогулушу палатанын жетекчилигинин мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу 1-июлда жаңы төраганы жана анын орун басарын шайлады.

Мекеме кабарлагандай, палатанын төрагасы болуп Карыбек Дүйшеев, анын орун басарлыгына Эмил Өскөнбаев, катчы-судьялыкка Мээргүл Бобукеева бекилди.

Конституциялык палатанын төрагасы болуп буга чейин Эркинбек Мамыров, орун басары болуп Куанбек Киргизбаев иштечү. Алардын мөөнөтү 30-июнда бүттү.

Мыйзамга ылайык палатанын жетекчилиги үч жылга шайланат. (ErN)

XS
SM
MD
LG