Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:18

Кабулдагы жардырууда жүз киши жарадар болду


Кабулдагы жардыруу. 1-июль, 2019-жыл.
Кабулдагы жардыруу. 1-июль, 2019-жыл.

Ооган бийлиги Кабулдагы жардыруудан бир киши өлгөнүн, кеминде жүз киши жарадар болгонун бышыктады. Полициянын өкүлү Мохаммад Каримдин айтымында, Коргоо министрлигинин жанында дүрмөттөлгөн машине жарылгандан кийин жоочулар имаратты аткылай башташкан. Коопсуздук күчтөрү ал жерди дароо курчоого алышты.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Вахидулла Маяр жарадар болгондор, арасында тогуз бала ооруканаларга жеткирилгенин маалымдады.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө "Талибан" кыймылы алды. Жардыруу Катарда АКШ жана "Талибан" өкүлдөрү Ооганстан боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасын баштагандан көз узабай болду. Кабулда талиптер менен катар Ислам мамлекети экстремисттик уюм да активдүү иш жүргүзүп келет.

XS
SM
MD
LG