Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Гонконгдо демонстранттар менен полиция кагылышты


Гонконг, 1-июль, 2019-жыл.
Гонконг, 1-июль, 2019-жыл.

Гонконгдун Кытайдын юрисдикциясына өтүшүнүн 22 жылдыгына арналган иш-чара полиция менен демонстранттардын кагылышуусу менен аяктады. Дүйшөмбүдө эртең менен туу көтөрүү аземине тоскоолдук кылууга аракеттенген демонстранттарга каршы полиция көздөн жаш чыгарчу газ чачып, союлдарды колдонду. Бир нече киши жабыркаганы кабарланды. Оппозиция буга чейин бул күнү ири каршылык акциясын өткөрөрүн эскерткен.

Гонконгдо кырдаал бир айдан бери тынчыбай жатат. Бийликтин кылмышка шектүү адамдарды Кытайга экстрадициялоо тууралуу мыйзамды кабыл алуу планы калың элди нааразы кылган. Мыйзамга каршы чыккандар бул долбоор диссиденттерди, акыйкатсыз куугунтукталган адамдарды Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачат деп чочулашат.

Массалык нааразылык акциясынан кийин мыйзамды иштеп чыгуу бир нече убакытка токтотулган. Бирок демонстранттар долбоор толугу менен алынышы керек деп эсептешет. Өткөн дем алыш күндөрү, маалымат каражаттары кабарлашкандай, Гонконгдун көчөлөрүнө 2 миллиондой киши чыккан.

1997-жылы Британиянын эски колониясы Гонконг өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга өткөрүлүп берилгенде сот системасы өз алдынча бойдон калышы керек деген шарт коюлган.

XS
SM
MD
LG