«Bellingcat» иликтөөчү уюм Орусиянын Аскердик чалгын кызматынын (ГРУ) жогорку офицери мурдагы тыңчы Сергей Скрипалга сол салууну Лондондогу мейманканадан тескеп турган болушу ыктымал деген далилдери бар деп билдирди. Скрипаль кызы Юлия менен кошо былтыр мартта Британиянын Солсбери шаарында нервди шал кылчу «Новичок» деген зат менен ууландырылган. Британ бийлиги кол салуунун артында Москва турган деп эсептейт. Кремль бул ишке тиешеси жок экенин билдирүүдө.
«Bellingcat» соңку иликтөөсүндө белгилегендей, анын колуна тийген маалыматтарга караганда, ГРУнун Денис Сергеев аттуу генералы операцияны көзөмөлдөп, координациялап турган.
Би-Би-Си өз булактарына таянып, Сергеев генерал-майор экенин аныктаган.
«Мындай жогорку даражадагы офицердин катышуусу операция канчалык маанилүү болгонун көргөзүүдө», - деп белгилейт «Bellingcat». Скрипалдарды ууландырууга өздөрүн «Петров» жана «Боширов» деп атаган орусиялык эки киши шектүү катары кала берүүдө. «Bellingcat» алар иш жүзүндө ГРУнун Александр Мишкин жана Анатолий Чепига деген офицерлери деп эсептейт.
Сергей жана Юлия Скрипаль кол салуудан кийин ооруканада жатып чыгышты.