Орусиянын Иркутск облусунда суу каптоо 7 кишинин өмүрүн алып кетти. Буга чейин беш киши каза болгону кабарланган. Дагы 9 кишинин, анын ичинде жашы жете элек баланын дайыны табыла элек. Бул тууралуу бир катар агенттиктер аймактын чукул кырдаал кызматындагы булакка таянып кабарлашууда. 153 кишиге ооруканаларда жардам берилип жатканы расмий ырастала элек.
1-июлда эртең менен облустун алты районунда 55 айыл-кыштак суу астында калды. Бул - 32 миңден ашуун киши жашаган 7 миңдей турак жай дегенди билдирет. 2,5 миңдей тургун коопсуз жерлерге көчүрүлгөн. 13 көпүрө жабыркады, бир нече жолду суу каптады. 30 миңдей киши электр жарыгысыз калды.
Иркутск облусундагы табигый кырсык өткөн жумада жаан-чачындардан кийин беш чоң дарыя жээктеринен ашканда башталган. Аймакта өзгөчө кырдаал режими иштеп жатат.
Президент Владимир Путин ишембиде Братск шаарында суу каптоонун кесепеттерин жоюу боюнча жыйынга катышып, кенемте төлөөгө киришүүнү тапшырган. Бирок айрым ЖМКлар жардам бардыгына жетпей жатканын кабарлашты.