Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:28

Нарматов: Мен саясий максат көздөгөн жокмун


Абдышүкүр Нарматов.
Абдышүкүр Нарматов.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдышүкүр Нарматов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнө барганы тууралуу комментарий берип, аны саясатташтыруу туура эмес экенин билдирди.

Диний ишмердин өкүлү Эрназар Таштанбаев тараткан билдирүүдө, Нарматов ал жерге «бир канча күн мурда окула баштаган куранды катмы катары окуп, өткөндөргө дуба кылыш үчүн барганын» билдирет.

«Аалымдар эзелтен эле элдин ыйманы, тынчтыгы, биримдиги үчүн кызмат кылган. Менин да эңсегеним жана тилегеним - элимдин ыйманы жана тынчтыгы. Мен ар бир сөзүмдү ушул максатта айтам, ар бир ишимди ушул максатта кылам. Тилекке каршы, бөйрөктөн шыйрак чыгарып, жумурткадан кыр издегендер муну ар кандай максатта бурмалашууда. Элиме айтарым: мен мурда да, азыр да саясий максат көздөгөн эмесмин, көздөбөймүн дагы. Менин максатым - элим бейпилдикте, биримдикте, тынч жашоо кечирип, ыймандуу өмүр сүрсө деген гана тилек», дейт Абдышүкүр Нарматов.

Мунун алдында Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө түзүлгөн «элдик штабдын» өкүлдөрү Нарматов алар менен жолугуп, кабар алып кеткенин билдиришкен.

Парламент 27-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик укуктарынан ажыратты. Атамбаев муну «демократияга балта чабуу» катары баалап, тарапташтары митинг уюштурса чогуу чыга турганын билдирген. ​Ал сотко да барбай турганын, керек болсо курал менен коргонорун жарыялаган.

Мурдагы президенттин тарапкерлери 22-июндан бери Кой-Таш айылындагы анын үйүнө «элдик штаб» ачып, чогулуп турушат.

Абдышүкүр Нарматов Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын аалымдар кеңешинин төрагалыгынан быйыл февраль айында кеткен. (ErN)

XS
SM
MD
LG