Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Алайда уурулукка шектелип жаткан аскер кызматкери асынып алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин 92843-аскер бөлүгүнүн ефрейтору (Б. у. Г.) 1-июлда Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылында туугандарынын үйүндө асылган абалда табылды.

Башкы штабдын басма сөз кызматкери Гүлзат Жарашева “Азаттыкка” билдиргендей, Ош облусунун ички иштер органдары бул аскер кызматкерине карата уурдоо фактысы боюнча иш ачып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатышкан. Ефрейтор быйыл май айында телефонду уурдады деп шектелип келген.

Учурда аскер кызматкеринин өлүмү боюнча да Алай райондук ички иштер бөлүмү жана Ош гарнизонунун аскердик прокуратурасы иликтөө иштерин жүргүзүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG