Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:57

Еврокомиссиянын жаңы төрагасы боюнча мунаса табыла элек


Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер. Брюссел, 30-июнь, 2019-жыл.
Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер. Брюссел, 30-июнь, 2019-жыл.

Евробиримдик мамлекеттеринин лидерлери Еврокомиссиянын төрагасын беките албай жатышат. Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск 1-июлда көрсөтүлгөн талапкерлердин бири боюнча да мунаса табылбагандыктан сүйлөшүүлөрдү убактылуу токтотконун билдирди. Ал түнү менен Брюсселге чогулган 28 мамлекеттин жетекчилери менен жолугушууларды өткөрүп чыкты. «Reuters» агенттеги жазгандай, Чыгыш Европанын айрым мамлекеттери негизги талапкер, нидерланддык социал-демократ Франс Тиммерманска каршы чыгышкан. Анын талапкерлигин Германиянын жана Франциянын лидерлери жактырышкан.

Туск өзү бул кызматка дагы үч талапкерди сунуш кылган, анын ичинде болгариялык экономист Кристалина Георгиева да бар.

Бул жолку жыйында шаркеттин лидерлери Еврокомиссиянын башчысынан тышкары Европа Кеңешинин төрагасын жана Евробиримдиктин тышкы саясаты боюнча кийинки комиссарын да аныкташы керек.

XS
SM
MD
LG