Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

Акыйкатчы институту Петрушевскийди үй камагына чыгарууга чакырды


Бишкектеги мэрияга караштуу Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун имараты.
Бишкектеги мэрияга караштуу Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун имараты.

Акыйкатчы институту Кароосуз калган балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун мурдагы жетекчиси Алексей Петрушевскийди үй камагына чыгаруу мүмкүнчүлүгүн кароону сотко сунуш кылды. Институттун кызматкерлери 1-июлда Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Петрушевскийдин абалынан кабар алышкан.

Ал жаза аткаруу кызматкерлерине дооматы жок экенин, бирок буга чейин беш операцияны баштан кечиргендиктен, тергөө абагында ден соолугу начарлап жатканын айткан. Петрушевский боорунун үчтөн бир бөлүгүн алдырганын билдирген.

Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү Бишкек шаардык сотунан анын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнүштү. Буга чейин Петрушевскийдин жакындары ушундай эле сураныч менен бийликке кайрылышкан.

Ал арадаа Интернетте Петрушевскийди колдоо боюнча онлайн кол топтолуп жатат. Петицияга 1 миң 300дөн ашык киши кол койгон.

Быйыл 6-июнда «кызмат абалынан кыянат пайдаланган» деген негизде кармалган Алексей Петрушевский Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки күндөн кийин үй камагына чыгарылган.

Бирок 27-июнда Бишкек шаардык соту аны кайра 6-августка чейин тергөө абагына которду. Тергөөнүн маалыматына караганда, Петрушевский реабилитациялык борборду жетектеген 2017-жылы апасы таштап кеткен балага башка аялдын жардам беришине уруксат берген. Укук коргоо органдары анын буга уруксат берүүгө укугу жок болчу деп эсептешет.

Ал быйыл мартта кызматынан бошотулган. Анын алдында мэрияда атайын түзүлгөн комиссия Петрушевский жетектеген борбордо «тарбиялангандар аз, аларга бюджеттен бөлүнгөн акча бекер эле коромжу болуп жатат» деген негизде имаратты бала бакчага айлантуу боюнча демилге көтөргөн. Петрушевский «бул жерде жеке кызыкчылыктар бар» деген оюн билдирип жүрөт. Кароосуз калган балдар тарбияланган борбордо азыр 21 бала жашайт. Мекемеге мэриянын бюджетинен жыл сайын 13 миллион сом бөлүнөт. Бүгүн борбордун тарбиялануучулары да Петрушевскийди колдоп басма сөз жыйынын өткөрө турганы айтылды. (NT)

XS
SM
MD
LG